Депутатка нааразы адам өзүн өрттөөгө аракет кылды
Бүгүн, 24-июнда парламент депутаты Абдыкапар Султановго нааразы болгон Бакыт Мендешов аттуу жаран өзүнө өрт коюуга аракет кылды. Бирок анын бул аракетин милиция кызматкерлери токтотуп калды. Окуяда жарандын жакындары менен милиция кызматкерлери да чырдаша кетишти. Нааразы болгон Бакыт Мендешовдун айтымында, анын аялы депутат Султановдун жакынына таандык фирмада эмгектенген. Фирмадагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча Мендешовдун аялына кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Нааразы тараптын пикиринде, депутат тергөөгө басым жасап жатат. Ак үй алдына чыккан жаранды милиция кармап кетти. Ал эми депутат бул боюнча комментарий бере элек.
Чыгарылыштар
-
Май 14, 2025
Анжиян кыргынына 20 жыл
-
Май 13, 2025
Казак жаранын карматкан иштин чоо жайы
-
Май 09, 2025
Жеңиш күнү Москванын саясий куралына айландыбы?