Индиялыктар Кыргызстанга медициналык билим алуу үчүн келишет. Кыргызстандагы окуу жайлардагы билим алуунун акысынын салыштырмалуу төмөндүгү аларды кызыктырат. Бишкекте ресторан, мейманкана, спа-салондорун ачып, ишкерлик жүргүзүп, үй-бүлө күтүп, туруктуу жашап калган Индиянын жарандары дагы бар.
Кыргызстанда кумар оюндарына кайрадан уруксат берилгени, анын кесепетин тартып жаткандардын саны кайрадан арбый баштаганын Психикалык ден соолук республикалык борборунан билдиришти.
Кыргызстанда журналисттердин үйлөрүндө жана кеңселеринде тинтүү жүргүзүлүп, жапырт суракка алынышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар муну “эркин басма сөзгө басым”, кээлери “журналисттерди коркутуу” деп атап жатышат.