Венгрия парламенти Эл аралык кылмыш сотунан чыгууну жактырды

Венгрия парламенти добуш берүү учурунда. Будапешт, 20-май 2025-жыл

Венгриянын парламенти өлкөнүн Эл аралык кылмыш сотунан чыгуу жараянын баштоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. "Рейтер" агенттиги маалымдагандай, документти 134 депутат колдоп, 37си каршы добуш берди.

“Венгрия эл аралык уюмдарды, асыресе кылмыш сотторун саясий таасир этүүнүн инструменти катары колдонууну чечкиндүү түрдө четке кагат”, - деп айтылат долбоордо.

Эл аралык кылмыш сотунан чыгуу жараяны бир жылга созулмакчы. Өз чечими тууралуу Будапешт быйыл январда, АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка расмий киришкенден кийин айта баштаган. Расмий билдирүү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Венгрияга барганда жасалган.

Өткөн жылдын ноябрында Гаага соту Нетаньяхуну жана мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоо тууралуу эл аралык ордер чыгарган. Израилдин президенти Ицхак Герцог чечимди «чектен чыккан» кадам деп айыптаган, премьердин кеңсесинин кеңешчиси Дмитрий Генделман эл аралык сот “антисемиттик маанайдагы жалган маалымат таратуу өнөктүгүн колдоону” чечкен деп билдирген.

Сот Будапешт колдогон орус президенти Владимир Путинди да кармоо ордерин берген.

Венгрия Еврошаркеттин Украинага жардам берүү демилгелерине көп учурда бөгөт коюп келет жана орусиялык айрым кишилерди санкциялык тизмеден чыгарууну жактайт.

Дагы караңыз

Кадамжайда көмүр шахтасында бир адам газга ууланып мерт болду "Манас" аба майданынын FRU деген коду август айынан тартып BSZ болуп өзгөрөтЧачыранды алтынга байланыштуу 96 лицензия берилген, 10 фирма иштеп жатат