"Мигрант тепсендиде калып өлдү". "Сахароводогу" кезек туу чокусуна жетти

Москванын сыртындагы "Сахарово" миграциялык борборундагы каттоо.

Орусиялык Телеграм каналдар Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кезекте тургандардын бири тыгылышта тепселип каза тапканын маалымдап, окуянын видеолорун жарыялады. Каза болгон киши Өзбекстандын жараны экени кабарланууда.

Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары борборго өзүнчө жолчо менен кирет, бирок мекеменин ичинде кезек кайрадан биригет. Мурдараак кыргыз бийлиги мигранттарга кайрылып, сентябрга чейин Орусиянын миграциялык “кара тизмесине” кирип калгандарды документтерин мыйзамдаштырууга чакырган.

Узун кезектин курмандыгы

“Осторожно, новости” деп аталган Телеграм канал жарыялаган видеолордун биринде “Сахарово” миграциялык борборунун алдында кезекте турган адамдар батпай, тыгылышып, түртүшүп жатканы көрүнүп турат.

Экинчи видеодо болсо тепсендиде калып, эс учун жоготкон эки-үч кишинин жерде жатканы тартылган. Телеграм канал алардын бири каза болгонун маалымдады.

"Күбөлөр “Осторожно, новости” каналына билдиришкендей, Варшава шоссесинде жайгашкан (Сахарово айылынын жанында) миграциялык борборго алар 15-майда таңкы саат 9да келишкен. Үч саат өткөн соң алар кезектин ар жагынан кыйкырыктарды угушкан. Эки киши өзүн жоготуп, кулап түшкөн. Көп өтпөй аларды тез жардам алып кеткен, күбөлөр белгилешкендей, аба жетпей каза болуптур. Кароолчулар видеого тарткандарды коркутуп, тарттырбоого аракет кылышкан", – деп айтылат “Осторожно, новости” Телеграм каналындагы маалыматта.

Телеграм канал каза болгон киши кайсы өлкөнүн жараны экенин так айткан эмес, бирок сайттар маркум өзбекстандык экенин жазууда. Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары бул окуяны көңүл сыртында калтырышты.

Өзбекстандык блогер Журабек Омонов "Азаттыкка" курган маегинде окуя тууралуу буларды айтты:

"Мага ошол жердеги күбөлөр айтты, каза болгон киши Өзбекстандын жараны экен. Ага жаткан жеринде үстүн шейшеп менен жаап коюшуптур. Өлгөн кишиден консулдар кабар алышпаптыр. Тыгындагы кишилер кезекти андан ары улантышыптыр. Аябай тар жерде, жүздөгөн адамдар тыгылып турушат. Аба жетпей, көбү эсин жоготуп жатат экен. Ошол эле жерде бир нече киши жабыр тартыптыр".

Орусиянын борбору Москвада мигранттарга уруксат кагаздарын берүү, аларды текшерүү, каттоодон өткөрүү, медициналык кароо жана башка кызмат көрсөтүүлөр он жылча мурдараак бир нече жерде аткарылчу. Ага чейинки Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия Экономикалык Биримдиги болуп түзүлгөн соң миграциялык мыйзамдар да жаңыланып, анын талаптарын ишке ашыруу үчүн Москванын жакасында Көп функциялуу миграциялык борбор ("Сахарово") уюштурулган.

Сахароводогу Көп функциялуу миграциялык борбор.

Борбор жайгашкан Сахарово айылынын атынан аталып калган жана ошондон бери Москва шаарындагы жана Москва облусундагы мигранттар ушул жерде гана тейленет. Ушул эле жерде Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борбор, башкача айтканда, убактылуу камоочу жай да жайгашкан.

Сахарово Көп функциялуу миграциялык борборундагы узун кезек. Архивдик сүрөт.

Миграциялык борбордо кезек улам-улам узарып, мигранттардын нааразылыгын жаратып турат. Башкалары болсо убактылуу кармоочу жайдын шартынын начардыгына, андагы кыйноолорго даттанып чыгышкан. Анын ичинде кыргызстандык мигранттар да буга чейин нааразылык билдирип, бир нече ирет кайрылуу таратышкан эле.

Орусиядагы мигранттардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган юрист Эрланбек Токтосунов жагдайды мындайча мүнөздөдү:

Эрланбек Токтосунов

"Ал жерге качан барба, аябай тыгын. Айрыкча ЕАЭБден сырткаркы өлкөлөрдүн жарандарына – өзбектерге, тажиктерге өзүнчө кирүү жолдору бар, ал жакта кезектер абдан эле узарып кетет, шарттары өтө начар. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары, анын ичинде Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан жарандары үчүн өзүнчө бөлөк жол каралган. Ал жердин шарты деле жыргаткан эмес, анүстүнө чоң залдын ичине кирген соң кайра эле биригишет. Негизи ушунун баарын онлайн режимде деле жасаса болмок. Орусиянын бийлиги неге андай ыкмага барбай жатат, билбейм. ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдүн жарандары ар ай сайын патент төлөп турушу керек да, ошону онлайн режимде аткара берсе болмок. Баарын ошол жакка жыйнап, убарагерчиликке тартуунун да өзүнүн максаты болсо керек. Мунун баарын “мигранттар Орусиянын жарандыгын алса деген ой менен ошентип жатышса керек” деген ойдомун".

"Эртерээк "кара тизмеден" чыккыла!"

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. Мындан соң Орусиянын бийлиги миграциялык мыйзамдарын катаалдаткан.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар 30-апрелге чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш экени кабарланган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин мөөнөт сентябрга чейин узартылган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-майда Орусиядагы кыргыз жарандарына кайрылып, бул өлкөнүн миграциялык “кара тизмесине” кирип калгандарды андан чыгууга берилген кошумча убакытты текке кетирбөөгө чакырды.

Министр президент Садыр Жапаров Орусия президенти Владимир Путинге расмий кат менен кайрылып, өтүнгөндүктөн кошумча мөөнөт берилгенин белгилеп, бул акыркы мүмкүнчүлүк экенин жана узартылбай турганын белгилеген.

Жээнбек Кулубаев

"1-сентябрга чейин реестрден чыкпасаңыздар депортация болосуздар. Коюлган талаптарды аткаруу жеңил эле, болгону бир аз убакыт табуу зарыл. “Сентябрга чейин убакыт бар да” деп жүрө бербөөгө чакырабыз. Анткени ага жакын калганда полиция бөлүмдөрүндө, миграция кызматтарында, элчилик жана консулдуктарда кезек көп болуп, үлгүрбөй калышыңыздар мүмкүн. “Дагы узартат” деген үмүт менен бул маселеге кайдыгер карабагыла. Мөөнөт бүткөндө “өкмөт жардам берген жок”, “президент сүйлөшкөн жок” деген дооматтар негизсиз болот. Тышкы иштер министрлиги ар дайым жарандардын укуктарын коргоого жана мекендештерибизге мыйзам чегинде көмөк көрсөтүүгө даяр. Ошону менен бирге, мыйзамдашуу аракетин өз убагында көрүү ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги экенин эскертебиз", – деп кайрылган Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев коомчулукка.

Кеп болуп жаткан чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри февралдан тартып иштей баштаган. Орусиянын Ички иштер министрлиги ошол маалда аталган реестрге 685 миңге жакын чет элдик жаран киргизилгенин билдирген.

Алгач анын 85 миңдейи кыргызстандык экени кабарланган болсо, майдын башына карата алардын саны 70 миңге түштү. "Кара тизмедеги" кыргыз жарандарынын бир тобу Орусиядан чыгып кетип жатышса, экинчи тобу тизмеден чыкканга аракет кылышууда.

Сахарово Көп функциялуу миграциялык борборундагы узун кезек. Архивдик сүрөт.

Адистер "кара тизмеден" чыгууга аракет кылгандар Сахароводогу борборго көп каттай баштагандан улам андагы кезек узарып, учурда туу чокусуна жетип турганын билдирүүдө.

Орусиядагы мигранттардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган юрист Эрланбек Токтосуновго кайрадан сөз берели:

“Кыргызстандын жарандарына соңку убакта мамиле кандай болсо, ошондой эле уланып, өлкөдөн чыгаруу, депортация күчөп эле жатат. Улам-улам көчөдөн кармап, Кыргызстанга кетирүүгө аракет кылышууда. Азыр 15-20 мүнөт мурда бир кыргыз бала кармалыптыр. Ал “мени эки күндөн бери кармап отурушат, эми сотко алып барып, өлкөдөн чыгарганы жатышат” деп жардам сурап кайрылды. Мурда эгер чет өлкөлүк жаран биринчи ирет мыйзам бузса, анда сот аны “өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетсин” деген мааниде чечим чыгарчу. 2021-2022-жылга чейин ушундай эле. Азыр шыр эле жарандарды депортация кылууга чечим чыгарып, чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга камап коюп жатышат. Түрмөгө окшогон жер да ал. Ага биздин жарандарды, анын ичинде боюнда барларды, бала-чакасы барларды да камап салып жатышат. Ал жерде сөзсүз түрдө 10 күн жатыш керек. 10 күндөн кийин токтом күчүнө кирет да, өлкөдөн чыгып кетиш керек. Кармалып чыккандар өз оозу менен айтып жатышат, чыгарардын алдында мигранттарды “атайын операцияга” барууга үгүттөп, анан ага макул болбосо Кыргызстанга жөнөтүшөт экен”.

Москва 2022-жылы Украинага кол салып, согушка орус жарандарынан сырткары чет элдик жарандарды да тартуу аракеттери катталганы Орусияда мигранттардын саны кыскарган. Мурда ал жакта миллиондой кыргыз жараны иштеп жүргөнү айтылса, үч жылда алардын саны үч эсе кыскарды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.

Кыргызстандын бийлиги ар кайсы платформаларда Орусиянын бийлигине кайрылы, Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандарына миграциялык эрежелерди катаалдатпоого чакырып келет. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкекте 18-майда Орусиянын мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен жолукканда да мына ушул маселени козгоду.