Ага ылайык, сотко Башкы прокуратура менен Исаковдун адвокаттары 29-апрелде кайрылып, ишти жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароого жөнөтүү тууралуу өтүнүч келтирген жана ал канаатандырылган.
"Бишкектеги Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабарындагы, Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы чечимдери, Жогорку соттун 2020-жылдын 22-июнундагы жана 2021-жылдын 2-мартындагы Сапар Исаковго байланыштуу токтомдору жокко чыгарылды. Кылмыш иши кайрадан жаңы териштирүү жүргүзүү үчүн Свердлов райондук сотуна судьялардын башка курамына жөнөтүлдү",-деп жазылган Жогорку сот тараткан маалыматта.
Сапар Исаков 2020-жылы мартта Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо ишине байланыштуу 15 жылга кесилген. Андан кийин июнда Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштеринде аны күнөөлүү деп таап 18 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны мамлекетке келтирилген 247 милллиондон ашык сомду төлөп берүүгө милдеттендирген.
Сапар Исаков 2020-жылы Октябрь окуяларындагы башаламандык маалында Молдовановка айылындагы №27 абактан чыгып, ошол бойдон кайтып барган эмес. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ага эл аралык издөө жарыяланганын кабарлаган.
Айрым бир маалыматтарга караганда Исаков ушул тушта Орусияда жүрөт. 11-мартта президент Садыр Жапаров кайсы өлкө экенин атабастан "Исаковду камабоо шарты менен өткөрүп берүүгө даяр" экенин билдирген. Мурдагы президент Курманбек Бакиевге байланыштуу дагы ушундай шарт коюлганын айткан.
"Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп (Исаковду -ред.) алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаларды бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиардаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе",-деген Жапаров.
Сапар Исаков өзү ошондон бери комментарий бере элек. Ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда анын администрациясынын аппарат башчысы, өкмөт башчы кызматтарында турган. Ал 40 жашында өкмөт башына келип, 2017-жылдын август айынан 2018-жылдын апрелине чейин премьер-министр кызматын аркалаган.