“Биздин урукта 300 мугалим бар. Башка кызматка алган эмес”. Репрессияланган Жусуп Кангелди

Жусуп Кангелди уулу (1900-1938-жж.) жана жубайы Зинаида Егошкина.

“1938-жылдын 14-январында эртеӊ менен ызы-чуудан ойгонуп кеттим. Биздин батирибиз астын-үстү болуп, жууркандын баары аӊтарылып, китептер, дептерлердин баары жерде чачылып жатыптыр. Ал эми апам болсо ыйлап жатты. НКВДнын кызматкерлери күбө болууга чакырып келген кошуналар апамды сооротуунун аракетин жасап жатышты. Атамдын сыйлыкка алган жеке куралдарын да НКВД өкүлдөрү алып кетишти. Атам камакка алынгандан кийин бизди жашап жаткан үйүбүздөн кууп чыгып, коммуналдык батирге жайгаштырышты. Ал эми эртеси мен олтурган партада “Эл душманынын баласы” деген жазуу пайда болду”. (Эрнест Юсупович Егошкин. "Времена и люди – субъективный взгляд: История жизни представителей пяти поколений двух семей". М., 2012 ).

Бул репрессияланып кеткен атасын эскерген Эрнест Егошкиндин жазгандары. Анын атасы Жусуп Кангелди уулу көп жылдар кыргыз тарыхында ысымы аталбай, ың-жыңсыз кеткен сталиндик репрессиянын курмандыктарынын бири.

“Куугунтук курмандыктары” подкастында бул суроолорду Жусуп Кангелди уулунун небереси Нурлан Кангелдиев, жээни географ илимпоз Саламат Аламанов менен талкуулайбыз.

Куугунтуктан запкы жеген бир атанын балдары

“Куугунтук курмандыктары” подкастында Нурлан Кангелдиев, географ илимпоз Саламат Аламанов

- Эрнест Егошкиндин атасы тууралуу жазгандарын окуганда репрессиянын суук илеби кадимкидей сезилет. Эмне үчүн узак жылдары кыргыз тарыхында Жусуп Кангелди уулу тууралуу көп маалыматтар ачыкка чыкпай келген? Маалымат издегенде белгилүү тарыхчы Гүлзада Абдалиеванын “Жусуп Кангелди уулу: Эстутумга кайтарылган бабабыз” деген макаласын гана окуй алдым. Өз доорунун алдыңкы, билимдүү өкүлү болгон, мамлекеттик кызматтарды аркалаган кишинин ысымы аталбай келгенине эмне себеп?

Нурлан Кангелдиев: Мунун себептери бар. Негизинен ошол кездеги кыргыз интеллигенциясын экиге бөлүшүбүз керек. Биринчиси - устаттар, экинчиси - кыргыз мамлекетин түптөп, башкарып кеткен муун. Биринчи муунга Ишеналы Арабаевдер кирет. Бул киши Казанда, Уфада, андан кийин Стамбулда окуган. Биздин чоң атабыз дагы ушул муундагы алдыңкы кишилерден болгон. Биз Ысык-Көлдүн Темир айылынан болобуз. Биздин бабабыз (төртүнчү атабыз) Чормон ажынын алты баласы бар. Азыркы Кырчын менен Чоң-Ак-Суу (Григорьевка) жайлоосун жердеп турган. Азыркы Ананьево, ошол маалда Сазановка аталган айылда мектеп ачылган. Ошол мектептен жоон топ интеллигенция өкүлдөрү чыккан. Тору-Айгырдан Булатовдор ушул мектепте окуган. Булаттан Миңжылкы, андан Абдылда, анын урпагы дүйнөгө белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкиев (1940-1997). Иса Ахунбаев (1908-1975), Касым Тыныстанов (1901–1938), бир тууган Токо жана Жусуп Абдрахмановдор, медицина тармагындагы кыргыздан чыккан биринчи илимдин кандидаты Акматкан Молдогазиевдер ушул мектепте билим алышкан. Биздин чоң атабыз Жусуп Кангелдиев (Усубакун), анан агасы Иса Кангелдиевдер дагы ушул жерде окушкан. Андан кийин булар Караколдогу орус-тузем мектебинде окушкан. Кийин Германияда, Орусияда билим алганы тууралуу маалыматтар бар.

-Демек, өз доорунун алдыңкы, билимдүү кишилеринен болгону көрүнүп турат. Эмне үчүн ысымы аталбай келген? Тагдыры тууралуу айтып бериңиз?

Нурлан Кангелдиев: 1916-жылдагы Үркүндүн алдында биздин төртүнчү атабыз Чормон ажы дүйнө салат. “Менин сөөгүмү тез арада жерге бергиле. Башыңарга кыйын иш түшөт” деген экен. Сөөгүн койгондон кийин эле эл Кытайга кача баштаптыр. Ушул мезгилде Жусуп Кангелдиев Орусияда жүрүптүр. Үркүндөн кийин гана келиптир, качкан эл менен чогуу тууган-уругунун баары кеткен да. Ошентип совет бийлиги орноп, эл кайра мекенине кайта баштайт.

Жусуп Кангелди атабыз 1918-жылдан тарта Каракол уезддик кантонунун төрагасы, ГПУ бөлүмүндө начальниктин милдетин аткаруучу кызматтарын аркалаптыр.

1922-жылга чейин Кытайга качкан элдин кайтып келиши үчүн аракет кылган. Жусуп атабыз Караколдо мектептерди ачып, жигердүү иштеген. 1923-жылдан тарта ошол кездеги Пишпек, азыркы Бишкекке келип, мамлекеттик кызматта ишин улантыптыр.

Подкастты толугу менен бул жерден көрүңүз:

1924–1925-жылдар аралыгында Ташкент шаарында Орто Азия элдерин өз алдынча мамлекеттерге бөлүү боюнча Улуттук комиссияда иштегени белгилүү. Жусуптун атасы Кангелди колунда бар киши болуптур. Совет өкмөтүнө мал-мүлкүнүн бир тобун өз ыктыяры менен берген экен. Балдары совет бийлигине кызмат кылып жатса берет да. Бирок кийин мал-мүлкүн бүт тартып алышып, Чормондун алты баласынын төртөөнү кулакка тартат. Анын ичинде Жусуптун атасы Кангелди да бар. Ошентип 1929-жылы Кыргызстандын аймагынан 44 бай-манап сүргүнгө айдалып, арасында Жусуп Кангелдинин атасы, жакындары да Оренбургга айдалышкан. Анан Жусуп Кангелдини дагы кызматтан алышкан. Андан кийин анын Оренбургга барып жашап калганын билебиз. “Ленин көчөсү 107” деген даректе жашаптыр.

1930-жылы чоң энебиз кош бойлуу экен (биздин атабыз төрөлгөн). Ал жердин шартына көнө албай кыйналышат.

Кыргыздын атактуу казалчысы Казыбек дагы сүргүнгө айдалган бай-манаптардын арасында болуптур. Баары биригип, ошол кездеги СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы Калининге кат жазышкан. Ошол катты архивден алдык. Катты Жусуп Кангелди манаптардын атынан жазыптыр. Казыбек казалчынын “Айдалган 44 манап жөнүндө” деген ырында:

“Ичинде жүрөт бир бала
Илбериӊки баарыдан,
Кангелдинин Жусуп дейт,
Карылар айтат түзүк – дейт,
Тобокелчил эр экен,
Топко тийчү неме экен.
Кадырлашкан тууганга
Карааны катуу бел экен.
Кайгырып эч бир кейибейт,
Кандай да болсо – мейли дейт
Аман жүрсө бечера
Азаматтын бири экен”, – деп казалга салыптыр.

“Таятама куугунтук Кэмбрижге окууга барышыма тоскоол болгон”

Саламат Аламанов

Саламат Аламанов: Эмне үчүн бул кишилердин ысымдары кийин дайынсыз кеткен? Тарыхый баасы болбой калган? деп суроо салып жатпайсызбы. Бул өзү саясий оюндардын татаалы дагы, жаман жери да ушул. Тарыхтын бүктөмдөрү деп атабыз го, расмий бийлик өзүнө жакпаган кишилердин атын жоготконго аракет кылат. Ошого жетишет дагы, себеби колунда бийлиги бар. Ага байланыштуу документтерди жок кылат же катып салат. Мен таятам Жусуп Кангелди атылгандан он жылдан кийин жарык дүйнөгө келиптирмин. Эс тартып калган кезимде айылда үч таенем бар эле дагы, бир таятам жок болчу. Биз менен курбалдаш балдар таята-таенелерине барып эркелеп калышат. Анан агам экөөбүз таенелерден “таяталарыбыз кайда” деп сурайбыз да. “Согушта” деп жооп беришчү. Анан биз дагы “таяталарыбыз согушта курман болгон” деген түшүнүк менен эле жүрдүк.

Карабайсыңарбы, бир тарабынан өкмөт булардын аты-жөнүн будамайлап жоготконго аракет кылса, экинчи жагынан үй-бүлөлөрү эле алар тууралуу кеп кылгандан коркушчу. Биздей балдарга дагы ачык айтышкан эмес. Ошон үчүн башка түшүнүк менен жашап, таяталарды издебей да калганбыз.

Эр жетип, жогорку окуу жайга келдик. Мен Фрунзедеги (азыркы Бишкек шаары) Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетинде окуп калдым. Ал мезгилде СССРде бир жөрөлгө бар эле, дүйнөдөгү атактуу окуу жайлар менен студент алмашып окутушчу. Ошондо Кэмбриж университетине география адистигине бир студент керек деп СССРге сунуш болуптур. Менимче, кезек Кыргызстанга келип калса керек, анан “силерде ылайыктуу студент барбы” деп биздин окуу жайга кайрылышат. Менин эсимде, биздин англис тилинен сабак берген Скляр деген эжекебиз бар эле. Ошол киши мени сунуштап, “ушул бала окуп кете алат, тилди өздөштүрөт” деп айтыптыр. Чынында, окуудагы жетишкендиктерим аябай жакшы болчу.

Дагы караңыз "Аталардын жүз жыл мурдагы ишин азыр кыла албай жатабыз"

Ошентип бара турган болуп, документтерди ырастап, анкета толтурам. Ошо менен кийин мага уруксат бербей коюшту. Башында мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Кийин агайларымдын бири “Сен чет жакта туугандарың барбы” деген жерге жок деп көрсөтүпсүң. Көрсө, таякең Кытайга барып жашаган турбайбы. Ошол жакта үй-бүлө күтүптүр. Демек, сен жалган көрсөтмө берген болуп калыпсың” деп түшүндүрдү. Өзүнүн башынан дагы ушундай нерселер өткөн экен.

- Бул эми үчүнчү муунуна тийген кесепти турбайбы.

Саламат Аламанов: Ооба, ошол да. Жусуп Кангелдинин дагы душмандары болгон. Каттарында жазат: “Урузбаев деген менен эмнегедир келишпестик болуп калып, иштин баарын ошол жасады” деп атпайбы. Ал ким болгону дагы табышмак. Азыр эми “аны баарын казбаш керек, коомдо жиктешүү болуп кетет” деп жатышпайбы. Билбейм, тарыхка чындык керекпи же жаап-жашыруу керекпи?

- Албетте, тарыхтын сабагын алалы десек, анда чындык керек да.

Саламат Аламанов: Чындык керек. Себеби буга окшогондор кийин совет бийлиги түптөлүп калган мезгилде деле айылдарда көп чыкты. Маселен, менин атам өзүнүн эле айылдаштарынын жалаасы менен 1948-жылы 25 жылга кесилип кеткен. 1953-жылы Сталин каза болгондон кийин, амнистия болуп бошоп келген. Партияга кайра алалы дегенде көнбөй койгон экен. Мына ушуларды азыркы кезде ойлонуп, салмактап көрсөң, элди ушунчалык бузган экен.

- Ошондой мүнөз калыптандырып...

Саламат Аламанов: Бири-биринин үстүнөн арыз жаздырып, ошонун негизинде кандайдыр бир мүдөгө жеткендер болуптур. Ошондой калыптанган мүнөз бүгүнкү күндө деле уланып, кээде калпычылардын күнү тууп калууда. Тарыхтын сабагын алуу керек. Маселе ошондон жыйынтык чыгара билүүдө болуп жатпайбы. Эң жаманы ушул да, элди душмандаштыруу.

Дагы караңыз "Отуздан ашык аял атылган". Кыргызстандагы сыры ачылбаган лагер

- Жусуп Кангелди уулуна ошонун кесепети тийгенби?

Саламат Аламанов: Эң чоң кесепети ушул да, биринчиден өкмөт аты-жытын билгизбей койду. Экинчиси, бала-чакасына зыяны тийбесин деп жакын кишилери дагы айтуудан айбыгып, коркуп, жашырып койгону.

Жуcуп Кангелди уулу 1918–1924-жылдардын аралыгында Каракол уезддик кантонунун төрагасы, ГПУ бөлүмүндө начальниктин милдетин аткаруучу, юстиция башкармасын жетектеген жана чек ара отрядынын жетекчиси кызматтарын аркалаган. 1924–1925-жылдары Ташкент шаарында Орто Азия элдерин өз алдынча мамлекеттерге бөлүү боюнча Улуттук комиссияда иштеген. 1929-жылы бир туугандары Оренбургга айдалып, Кангелди уулу кызматынан алынган. Оренбург шаарына көчүп келип, туугандарын бошотуу айласын көргөн. Кийин Каракалпак АССРиндеги Төрткүл шаарына келип, Элдик агартуу комитетинин аппаратында иштеген. Каракалпак АССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 1938-жылы 17-январда камакка алынып, атууга кеткен.

- Нурлан мырза жогоруда урук-тукуму кандай болгонун айтып өтпөдүбү. Бирок бул киши тууралуу эскергенден айбыгышканбы? Эгемендик алган жылдардан кийин деле изилдөө жүрбөгөнүн айтам да.

Саламат Аламанов: Кызык да ушул жагы. Бакас Чормоновдун (кыргыздын тунгуч географы) иниси Капар деген таякебиз болгон. Аны партияга албай коюшкан.

- Чормоновдор 1930-жылдары Украинанын Херсон аймагына айдалып, репрессияланган кыргыздардын арасында болгон эмеспи.

Саламат Аламанов: Ооба, ошол жактан келгенден кийин мектеп директорлугуна чейин жетип иштептир. Бирок тууган-уругундагы куугунтукталган жакындарынан улам партияга алган эмес. Аябай ичи күйүп: “Ушунчалык иштесем, эмнеге мени көрбөйт. Эмне душмандыгым бар эле. Партияга алса” деп жүрдү да.

Таятабыз Жусуп Кангелдинин мага эң жакын жумушу – 1924-жылы Улуттук, аймактык жер бөлүштүрүү деген чоң иш башталган. Мен каттарын окуп олтуруп, биздин таятабыз 1924-1925-жылдары Орто Азия элдерин өз алдынча мамлекеттерге бөлүү боюнча Улуттук комиссияда иштегенин билдим.

М.Калининге жазган катындагы бир сүйлөмдү окуп алып кызыктай абалда калдым. “Менин таятам дагы учурунда эң биринчилерден ушул ишке аралашкан турбайбы” деп. Документтерде бул комиссияга Токо Абдрахманов эле катышып жүргөнүн билчүмүн. Бирок ал добуш бере турган эмес, жөн эле кеңеш бере турган укукка ээ болгон. Кыргыздардын ичинен Жусуп Кангелди Улуттук комиссиянын курамындагы экинчи киши болгонун билип жатабыз. Бирок Жусуп Кангелдини бир жылдан кийин комиссиядан чыгарып, башка кызматка коюшкан. Ушундан улам кыргыздардан иштин майын чыгара иштеп, аягына чыгарган кишилер кошулбай калган деп ойлом. Себеби кийинки чалкеш чечимдердин баары ошого байланыштуу болсо керек. Ошол иштеринин баары эле орчундуу иштер.

-Жазган кайрылуулары тууралуу айтып жатпайсыздарбы. “Сүргүнгө айдалгандарга мунапыс бергиле” деп жазып жатат да. Анан өзү тууралуу “Жусуп Абдрахманов, Айдарбековдор күбө, совет өкмөтүнүн орношуна салым коштум эле” деп жазат да. Анан кийин Оренбургдан Каракалпакка кантип келип иштеп калган? Эмнеге Кыргызстанга кайтып келген эмес?

Саламат Аламанов: Бул дагы анын аракетчилдиги. Барып эле өлүмүн күтүп Оренбургда жатып калган эмес. Ошол жерде жерге жайгаштыруу боюнча иштерге аралашкан. Казыбек казалчы бекеринен ал тууралуу “жөн киши эмес” деп баа берип жатпайбы. Оренбург жергесинде дагы өзүнө карата куугунтук боло баштаганда Өзбекстанга кетип, Каракалпакстанда Элдик агартуу комитетинин аппаратында иштеп калат.

Дагы караңыз Колымага айдалган кыргыз, лагерден табылган документтер

Ал мезгилде сырттан келген кишини эле ушундай кызматтарга ала берген эмес. Билимин, идирегин, жүрүм-турумун караган. Ошентип, бизде ушундай маалыматтар бар. Мен азыркы чек ара боюнча иштеп жаткан балдарга кайрылып, мүмкүн болсо архивдерден Жусуп Кангелдинин салымы, эмгеги тууралуу маалыматтарды таап берсеңер деп суранайын деп жатам. Өзүм учурунда чек ара тактоо боюнча комиссияда иштеп жүргөндө колум тийбеди.

Чек ара тактоо боюнча жумуш 1924-жылы 1-июлда башталып, азыркы кезге чейин уланды да. Канчалык татаал экенин ушундан билсек болот. Кыргыз Автономиясынын чек ара маселесин Турар Рыскулов деген казакка тапшырышкан. Ага добуш берүүчү укук берилген.

Жусуп Кангелдиевди Ж.Абдрахманов жана А.Орозбеков башында турган «Социал-Туран партиясынын» курамында болгон жана совет бийлине каршы иш аракет жүргүзгөн деп айыпташкан жана НКВД Москва шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн Жусуп Кангелдиевди камакка алуу чечими кабыл алынган. 1938-жылы 14-январда Жусуп Кангелдиевди камоо боюнча токтомдо «СССРдин территориясында англиялык тыңчы катары агитациялык жана диверсиялык иш-аракеттерин жүргүзгөн» деген айып тагылган. Ал эми ошол жылдын 17-январында камакка алынгандыгы боюнча Москвага маалымдама берилген. Мүмкүн Жусуп Кангелдиевдин Оренбург шаарынан СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Михаил Иванович Калининге жазылган өтүнүчү себеп болгонбу деген суроо туулбай койбойт. Анткени бул арызында Жусуп Кангелдиев "совет бийлигин орнотууда анын жасаган иштери жана аракеттери боюнча Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков тастыктап бере алышат" деп жазылган. Демек, өз колу менен жазган арызы анын тагдырына балта чабылышына бирден бир себепкер болушу айдан ачык. (Гүлзада Абдалиева, “Репрессия курмандыгы Жусуп Кангелдиев” )

“Биздин урукта 300 мугалим бар"

Нурлан Кангелди

- Жогоруда Жусуп Кангелдинин уулу Эрнест Егошкиндин эскерүүсүн мисал кылдык. Ал кишинин эскерүүлөрү өзүнчө китеп болуп жарыяланыптыр. Эми Жусуп Кангелдинин урпактары тууралуу айтып берсеңиз?

Нурлан Кангелдиев: Чормондун төрт баласын кулакка тартышкан. Кангелди ошол Чормондун балдарынын бири. Биздин чоң аталарыбызды 1929-жылы Орунбургга айдашат. 1933-жылы Чормондун дагы бир уулу Шаршемби (Бакас Чормоновдун атасы) Украинанын Херсон аймагына айдалат. Дагы бир уулу Асанкожо кулакка тартып, айдап келатышканда “бир туугандарынын баарын жок кылып салыптыр” деп угуп, Кытайга жер оодарып качып кеткен экен. Жогоруда Саламат ава эскерген таятасы ушул киши. “Кэмбрижге чет жакта тууганын көрсөткөн эмес деп жөнөтпөдү” деп айтпадыбы.

Кангелдинин эки баласы болгон – Иса, Жусуп. Биз Жусуптан тараганбыз. Ал эми сиз айткан Эрнест Егошкин Жусуп Кангелдинин орус жубайы Зинаида Егошкинадан. Жусуп баласына Эркиндик деп ысым берген экен. Бирок чоң энебиз Зинаида Федоровна “эл душманынын баласы” деп өмүр бою кордук көрбөсүн деп өзүнүн фамилиясына өткөрүп, ысымын өзгөрткөн. Эрнест Караколдогу мектепти алтын медал менен бүткөн.

- Демек, Жусуп Кангелди уулунун эки жубайы болгонбу?

Нурлан Кангелди: Ооба, эки жубайы болгон. Биз кыргыз аялынан, Эрик атабыз орус жубайынан. Өзбекстанда ушул киши менен жашаган. Чоң атабыз 1938-жылы ошол Каракалпакстанда иштеп жүргөндө репрессияланган.

Дагы караңыз Нарындагы көтөрүлүштөр: ырайымсыз жазалоо жана бозгун

Жусуп Кангелдиевдин жубайы Егошкина Зинаида Федоровна 1907-жылы Пенза губерниясында Самодуровка кыштагында туулган. Зинаида Федоровнанын ата-энеси 1910-жылдары Жыргалаң дарыясынын оӊ жагындагы Отрадное кыштагына келип, отурукташат. Бала кезинде Зинаида Отрадное кыштагында чиркөө мектебинен билим алып, 1924-жылы окуу жайга тапшырып, педагогикалык билим алып чыгат. Алгач Григорьевкада, андан соӊ Челпекте мугалим болуп иштеп жүргөн мезгилинде Жусуп менен таанышып, баш кошушат. (Гүлзада Абдалиева, “Репрессия курмандыгы Жусуп Кангелдиев”)

-Саламат агай, сиз ошол Эрнест Егошкинди көрүп калдыңызбы?

Саламат Аламанов: Мен жогорку окуу жайына жаңы келип окуп жүргөндө Бакас таякебиздин үйүнөн көрүп калчубуз. Биз анда айылдан келген тартынчаак балдар элек. Өзүбүз барып сүйлөшө алган эмеспиз. Ошол маалда Москвага кетем деп даярданып жүргөн экен. Угушубузга караганда, анын өсүшүнө бул жактан көп мүмкүнчүлүк беришпептир. Өзү геолог, тоо кендери боюнча адис. Москвага барып Геология институтунда доцент болуп өмүр бою иштеди.

-Ал кишинин эс тутумунда, көкүрөгүндө калган экен. Эскерүүлөрүн китеп кылып жазып кеткени жакшы болуптур.

Саламат Аламанов: Бакыт Букаев деген жакшы инибиз бар эле биздин айылдын адамдары тууралуу “Көгүлтүр көлдөгү Темирим” деп китеп чыгарган. Ошондо биздин Эрик таякебиздин “Мекенди сагынуу” деген ыры жарыяланган. Ошол ырда эл-жерин сагынуу, тагдыры оор болгонун жазыптыр.

-Жусуп Кангелди уулу тууралуу архивдерден кандай маалыматтар табылды?

Нурлан Кангелди: Оренбургдан, Өзбекстандан маалыматтар чыгып жатат. Тарыхчы Гүлзада Абдалиева Өзбекстандын архивдерине дагы барып келди. Ошол табылган архивдердин биринде элге билим берүү боюнча Москвадан келген комиссия текшерүү жүргүзгөн экен. Ошондо Жусуп Кангелдинин бир учурда эле сегиз мектеп ачканы, аны Чүй, Таласка да которуу боюнча сөз болуптур.

- Ал кайрылууларында “Абдрахманов, Айдарбековдор менин эмгегиме күбө боло алат” деп, совет өкмөтүнө кызмат кылганын айтып кайрылып жатат. Жазган каттары тууралуу айтып берсеңиздер.

Саламат Аламанов: Ал кезде Айдарбеков дагы, Абдрахманов дагы кароолго илинип калган адамдар эле да. Ушул кишилерди күбөгө тартып, мени актап бере алат деген ишеничи болсо керек. Бирок баары эле жазаланып кетпедиби. Ошол маалда ал кишилердин өздөрүнүн акыбалы кандай болуп жатканын билбесе керек. Ошол үмүт менен жазгандыр.

Нурлан Кангелди: Сиз кулакка тартылгандардын урпактары тууралуу айтып өтпөдүңүзбү. Кыргызстанда 1920-1930-жылдары кулакка тартылгандардын урпактары үчүн мугалимдик кесиптен башкага барганга мүмкүн болгон эмес. Мамлекеттик башка жумуштарга барууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Өкмөткө керек болгон үчүн мугалимдик кесипке көзүн жумушкан.

Дагы караңыз “Кулактын баласы". Сүргүндө балалыгы калган Асанкан Жумакматов

Чормондун тукумунан 300гө жакын мектеп мугалими бар. 20га жакын илимдин кандидаттары бар. Биздин тукумда кыз балабы, эркекпи, мугалимдик гана кесипке окуй алышкан.

(Талкуу кыскартуулар менен берилди. Толук вариантын видеодон көрүңүз)