Temirov Live жана Kloop жарым жыл мурун жарыяланган журналисттик иликтөөсүндө Бишкектеги “Мадина” базары жана анын жанындагы 32 гектардай жер аянты Хабибула Абдукадырдын жана президент Садыр Жапаровдун жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткенин баяндап беришкен.
Президент өзү жана администрациясы муну “жалган маалымат” деп төгүндөшкөн.
Хабибула Абдукадырдын арызы
Иликтөөчү журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн жазган арызын кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр Бишкектин Октябрь райондук сотуна жолдогон. Ишкер былтыр өзү тууралуу жасалган иликтөөдө айтылган маалыматтарды төгүндөп, соттук чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылууда.
Журналист сотко арыз 15-апрелде түшкөнүн, бул тууралуу ал эми гана кабардар болгонун айтты.
Болот Темиров арызды анын адвокаттары карап жатканын "Азаттыкка" билдирди:
“Хабибула Абдукадыр жана анын “Тарим трэйд” деген компаниясы Октябрь райондук сотуна жазыптыр. Биз Kloop медиа менен чогуу иликтөө жасаган элек, ошого арыз жазышыптыр. “Мадина” базары боюнча иликтөө эле. Менин оюмча, алар бир-эки сөзгө чычалап, бардык иликтөөлөрдү өчүрүүгө аракет кылып жатышат”.
Хабибула Абдукадырдын өзүнөн, анын адвокаттарынан жана ага караштуу “Тарим трэйд” компаниясынан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Сот кеп болуп жаткан арыз келип түшкөнүн ырастап, бирок арыз ээлерине кайтарылып берилгенин билдирүүдө.
Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова буларды маалымдады:
Айсулуу Жаасынова
“Октябрь райондук сотуна арыз апрелде түшкөн экен. Бирок ал арыз ошол эле айда кайра кайтарылып берилиптир. Документтери жетишсиз болгондо сот аны карабай эле ушинтип кайра кайтарып берет. Алар жетишпей калган документтерин толуктап кайра беришет, бирок азырынча кайра түшпөптүр”.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Хабибула Абдукадыр журналисттерди сотко берди
Иликтөө жана төгүндөө
Болот Темировдун Temirov Live редакциясы жана Kloop басылмасы 2024-жылдын 31-октябрында Бишкектеги ири “Мадина” базары жөнүндө биргелешкен иликтөө жарыялашкан. Алар иликтөөдө экс-депутат Турсунтай Салимовдун базары көмүскө аткезчи империя түзгөнү айтылган кытайлык ишкер, уйгур тектүү Хабибула Абдукадырдын уулу Пальван Нур Мухаммед жетектеген “Тарим трэйд” компаниясына өтүп кеткенин маалымдашкан. Иликтөөчүлөр өз материалында Абдукадырдын өнөктөшү президенттин жакын адамдары экенин көрсөтүшкөн.
Кийин иликтөөнүн изинен түшкөн “Азаттыктын” журналисттери барган маалда “Мадина Групп” компаниясынын өкүлдөрү базарды “Тарим трэйд” компаниясы башкарып жатканын жарым-жартылай ырасташкан.
“Мадина” базарынын ошол маалдагы директору Кахраман Жумабеков 2024-жылдын 5-ноябрында "Азаттыктын" журналистине мындай жооп берген:
“Мен бүгүнкү күндө директормун. Базардын ээси “Мадина Групп”. Анын негиздөөчүлөрүн билбейм, эми таанышам. Мени кызматка “Тарим трэйд” деген фирма дайындады. Ал жерде Абдукадыр ээлик кыларын билбейт экемин. Базардын ээси “Мадина Групп” экенин так билем, анын негиздөөчүс “Тарим трэйд” компаниясы”.
Temirov Live каналынын жана Kloop басылмасынын журналисттери мындан сырткары “Мадина” базарынын жанындагы башка аянттар, жалпы 32 гектардай жер, аларга ээлик кылган фирмалар президент Садыр Жапаровдун жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткенин белгилешкен.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды четке кагып, материалды “президент жана анын жакындарын каралоо” деп атаган.
Президент Садыр Жапаров өзү да былтыр 11-ноябрда “Кабар” улуттук мааалымат агенттигине курган интервьюсунда маалыматтарды төгүндөгөн:
Садыр Жапаров
“Аспеков, Темиров дегендердин жалаалары мага чымын чаккандай да болбойт. Жооп да бербейм. Эмне кылам аларга убактымды коротуп, жооп берип. Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат. Ал эми Канышай, Сабыр дегендериң алар “үрүп чыккан иттердин” бири. Аларга көңүл бурбай эле койгула. Алар мамлекетте болуп жаткан жакшылыктарды, өнүгүүнү көрө албаган кыргыз элинин душмандары”.
Жарым жылдан кийин жазылган арыздын артында эмне турат?
Temirov Live каналы Кыргызстанда коррупция боюнча иликтөөлөрдү байма-бай жарыялап келет. Анын негиздөөчүсү Болот Темиров 2022-жылы “Кыргызстандан мыйзамсыз паспорт алган, документи жараксыз" деп табылып, Орусияга мажбурлап чыгарылган.
Kloop басылмасына ээлик кылган “Клооп Медиа” коомдук фонду Бишкектин Октябрь райондук сотунун 2024-жылдын 9-февралындагы чечими менен жабылган. Сайт азыр Кыргызстандын аймагында бөгөттөлгөн.
Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын “Kloop” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган арызы себеп болгон. Соттун бул чечимин эл аралык уюмдар, укук коргоочулар сынга алган.
Ал эми кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө жүк ташыган карго компанияларына ээлик кылган ишкер, Кыргызстанда “Райым миллион” атка конгон экс-бажычы Райымбек Матраимовдун өнөктөшү катары белгилүү.
Мурдараак ал экөөнүн ишмердиги тууралуу чыккан иликтөөгө байланыштуу Матраимов да журналисттердин үстүнөн сотко кайрылып, кийин кайра арызынан өзү баш тарткан.
Медиа серепчи Асел Сооронбаева Темировдун иликтөөсү боюнча да даттануу бир топ убакыттан кийин түшүп жатканын мындайча чечмеледи:
Асел Сооронбаева
“Хабибула Абдукадыр деле, Райымбек Матраимов деле иликтөөнүн фигуранты болуп туруп, иликтөөчүнү сотко бергени биринчи учур эмес. Буга чейин деле иликтөөчү журналисттерди сотко берген кейстер көп болгон. Бирок бир дагы фигурант өзү башында койгон максатына толук жеткен эмес, көбү арыздарын артка кайтарып алышкан. Азыркы материалдын чыкканына жарым жыл болуп калды. Фигурант болсо азыр гана сотко кайрылып жатат. Болот Темиров бийликке сын айткан бирден бир адамдардын катарында болуп калды. Ошондуктан, балким, бул даттанууну аны дагы тизгиндөө же анын кайсы жакта экенин билүү аракети деп да бааласак болот. Башкача айтканда, тоталдык түрдө көзөмөлдөө. “Эч кимиңер жүйөлүү далилдерди келтирбегиле”, “сын-пикирлерди айтпагыла” деген сыяктуу сөз эркиндигин кысымга алуу катары да карасак болчудай”.
2018-2019-жылдары “Азаттык” радиосу, "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop медиасы чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемалардын бетин ачышкан. Анда так ушул Хабибула Абдукадыр менен Райымбек Матраимовдун кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири сумманы адалдаштырып, миллиондогон долларларды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып турганы аныкталган.
Президент Садыр Жапаров кытайлык бизнесмен Хабибула Абдукадыр (оңдон экинчи) менен чогуу баратат. Бишкектин Орто-Сай айылындагы мечиттин курулушуна капсула салуу учуру. 10-март, 2023-жыл.
Хабибула Абдукадыр 2023-жылдан тартып “Бишкек сити” комплексин жана Бишкектин Орто-Сай айылына “Ыйман борбору” деп аталган, 20 миң кишиге ылайыкташкан мечит куруп жатат. Алардын капсуласын салууга президент Садыр Жапаров да катышкан.
2020-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, күнөөсүн моюнуна алып, мамлекеттке 2 млрд сом төгүп берип, эркиндикке чыккан. Матраимов 2024-жылы Азербайжанда кармалып, Кыргызстанга алынып келип, айып төлөгөн соң кайра бошотулган.