15-майда АКШ президенти Дональд Трамп эгер Стамбулдагы Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жылыш боло турган болсо Түркияга барышы мүмкүндүгүн билдирди. Бул тууралуу ал Катарда өтүп жаткан жолугушууда айтты.
АКШ лидери Орусия менен Украина согушту токтотуу үчүн "аракет жумшайт" деген үмүттө экенин билдирди.
"Биз согуш токтошун каалайбыз. Менимче, аны токтотууга мүмкүнчүлүгүбүз бар", - деп айтты Трамп.
Бир күн мурун Кремл Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүсүнө барчу делегациянын курамын жарыялаган. Орусия тараптан топту президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулда Путин менен гана көзмө-көз сүйлөшөрүн, болбосо жолугушуудан баш тартарын айтып келген. Көп өтпөй ал мындай позициясын жумшартканы белгилүү болгон. Азырынча украин тараптан сүйлөшүүгө кимдер катышары белгисиз.
Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина менен Орусиянын согушту токтотуу тууралуу пландалып жаткан сүйлөшүүсүнө Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышарын билдирген. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Стамбулга Трамптын эки чабарманы Кит Келлог менен Стив Уиткофф барарын жазышкан. АКШнын президенти Түркияга өзү дагы барып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.
Стамбулда 15-майда "эч кандай шартсыз" тынчтык сүйлөшүү өткөрүүнү Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаган.
Түркиянын Стамбул шаарында бүгүн 15-майда Украина-Орусия сүйлөшүүсү өтөрү пландалууда. Башталышы саат 10го (Бишкек убактысы боюнча саат 13:00) белгиленгени кабарланган, бирок украин тарап убакыт боюнча так макулдашуу азырынча жок экенин билдирди.
Бул сүйлөшүүгө Орусиядан президент Владимир Путин өзү барабы же башка бирөөлөрдү жөнөтөбү деген маселе акыркы сааттарга чейин белгисиз болуп жатты. 14-майдын кечинде гана орусиялык делегациянын курамы жарыяланды. Аны орус президентинин жардамчысы, Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Владимир Мединский жетектей турганын Кремль маалымдады. Мединский буга чейин Орусиянын маданият министри болуп эмгектенген, аны путиндик башкаруунун негизги идеологдорунун бири деп аташат.
Украин президенти Владимир Зеленский Түркиядагы жолугушууга Орусия президенти Владимир Путин жеке өзү келбесе ага катышпай турганын билдирген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Стамбулга 16-майда барары кабарланды.
11-майда Владимир Путин 2022-жылдын жазында үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Киевдин делегациясы 15-майда Стамбул шаарына келсин деген талап койгон. Ошол эле маалда ал Киевдин, Еврошаркеттин алдыңкы өлкөлөрүнүн жана АКШнын ок атууну 30 күнгө токтотуу чакырыгын жоопсуз калтырган.
Ошондон кийин украин президенти Владимир Зеленский ага макул болуп, Путин өзү да катышууга тийиш деп билдирген. Зеленский Москвадан келген расмий өкүлдөр менен эмес, орус президенти менен гана сүйлөшөрүн айтып шарт койгон.
Бул күндөрү Перс булуңундагы өлкөлөрдө сапарда жүргөн АКШ президенти Трамп 14-майда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Путин Стамбулдагы жолугушууда аны көргүсү келерин, мындай болушу толук ыктымал экенин айткан. 15-майда сапары Бириккен Араб Эмирликтеринде уланарын, андыктан ошол жакта болорун билдирген АКШ президенти "Бул мен барбайм дегендик эмес. Акыры сөз көптөгөн өмүрлөрдү сактап калуу аракети тууралуу болуп жатат да" деп кошумчалаган.
Франциялык Le Monde гезитине берген интервьюда украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Путин 15-майда Түркияга барбаса, анда бул “Москва тынчыкты каалабайт жана олуттуу сүйлөшүүлөргө даяр эмес дегенди туюндурат” деп билдирди.
“Биз Орусияга ишенбейбиз... Бирок жаңжалга чекит коюну каалайбыз жана сүйлөшүүлөрдүн кандай гана форматы болбосун, кабыл алууга даярбыз”, - деп белгиледи Ермак.
15-майдагы акыркы кабарларда АКШ президенти Дональд Трамп Түркияга барбай турган болгону айтылган. Бул тууралуу америкалык өкүлдөргө таянып Reuters агенттиги жазган. Кошмо Штаттардын президентинин атайын чабарманы Кит Келлог Трамп Түркияга эгер Путин келсе барарын айткан.
Ошол эле учурда Трамп Орусия менен Украина согушту токтотуу аракетин көрөрүнө үмүттөнөрүн, эгер сүйлөшүү алдыга жылса Түркияга барып калышы мүмкүн экенин айтканы да маалымдалды.
Ок атууну убактылуу токтотуу чакырыктарына карабай Орусия акыркы апталарда кошуна өлкөсүнө дрон жана ракеталар менен сокку уруп келатат.
Буга чейин Еврошаркеттин Германия, Франция өңдүү алдынкы өлкөлөрүнүн лидерлери Украинадагы ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болбосо Орусияга салынган санкциялар күчөтүлөрүн эскертишкен.
Брюссель Орусия менен Украинанын 15-майга белгиленген Стамбул сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын күтөрүн билдирген.
АКШнын президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина менен Орусиянын согушту токтотуу тууралуу пландалып жаткан сүйлөшүүсүнө Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышарын билдирди. AFP агенттиги ал бул тууралуу Сауд Арабияда иш сапар менен жүргөндө айтканын жазды.
"Ушул аптанын аягында, болжол менен бейшемби күнү Түркияда сүйлөшүү өтөт жана жыйынтыгы жакшы дагы болушу мүмкүн. Ал жакка Марко барат", - деди Трамп.
Мунун алдында айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Стамбулга Трамптын эки чабарманы Кит Келлог менен Стив Уиткофф барарын жазышкан. АКШнын президенти Түркияга өзү дагы барып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.
Стамбулда 15-майда "эч кандай шартсыз" тынчтык сүйлөшүү өткөрүүнү Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаган, бирок жеке өзүнүн барар-барбасы, жолугушуу кандай форматта өтөрү азырынча белгисиз. Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияда Путин менен көзмө-көз гана жолугушарын билдирген.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Путиндин уруксаты менен гана Стамбулга барчу делегациянын курамы жарыяланарын" маалымдаган.
Буга чейин Bloomberg басылмасы өз булактарына шилтеме кылып Батыш өлкөлөрү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы белгилүү болмоюнча расмий Москвага каршы жаңы санкцияларды жарыялабай турууну макулдашканын жазган.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Британиянын жана Польшанын премьер-министрлери Кир Стармер менен Дональд Туск 10-майда Киевде Зеленский менен жолуккандан кийин 12-майдан тартып ок атышууну токтотуу сунушун жарыялашкан. Алар Москва бул сунуштан баш тартса жаңы санкциялар топтомуна кабыларын эскертишкен.
АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн сапары пайда алып келсе, Орусия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнө катышуусу мүмкүн экенин дүйшөмбүдө билдирди.
Дүйшөмбүдө президент Трамп экинчи мөөнөтүндөгү алгачкы тышкы сапарына чыгып, Сауд Арабиясы, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарына барды.
Трамп 15-майда Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө катышуу үчүн Стамбулга барууну ойлонуп жатат.
“Мен ошол убакта кайсы жерде болушумду билбейм, болжол менен Жакынкы Чыгышта болсом керек. Менин катышуум пайда берет деп ойлосом, ал жакка учуп барам”, - деди Дональд Трамп.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул сүйлөшүүгө катышарын жарыялап, Стамбулдагы жолугушууга Орусия президенти Владимир Путиндин да катышуусун сунуштады.
Трамптын сөзүнө караганда, ал жолугушууга Орусиянын жана Украинанын президенттери катышат жана алар ок атышууну 30 күнгө токтотуу келишимине макул болушат.
“Менде ушундай туюм болуп жатат”, - деди Трамп журналисттер менен сүйлөшүп жатып.
10-майда Британиянын, Германиянын, Франциянын, Польшанын жана Украинанын лидерлери Киевдеги сүйлөшүүдөн кийин Орусиядан ок атышууну 30 күнгө токтотуу келишимине макул болуусун талап кылышты. Эгерде Орусия 12-майдан тарта ок атышууну токтотуудан баш тартса, орус экономикасынын энергетика жана банк секторуна катаал санкциялар салынарын эскертишкен.
Трамптын администрациясы бул эскертүүгө ачык кошулган эмес. 11-майда Трамп өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасына бул сүйлөшүүлөр жок дегенде “макулдашууга жетүү мүмкүнбү же мүмкүн эместигин аныктоого мүмкүндүк берет, эгер мүмкүн болбосо, анда Европа лидерлери жана Америка Кошмо Штаттары абалды түшүнүп, тиешелүү аракеттерди көрүшөт" деп жазган.