Орус-Украин согушу. Доллар куну. Жаңы мэр
Орусия Украинада аскердик операциясын баштады. Украин президенти муну кол салуу, согуш катары баалады. Айрым маалыматтар боюнча, эки тараптан тең каза таап, жарадар болгондор бар. Ал арада Кыргызстандын парламентинде Украинадагы кыргыз жарандарына жардам берүү маселеси көтөрүлдү. Украинадагы окуялардан улам Кыргызстандагы коммерциялык банктарда орус рубли арзандап, доллар кескин кымбаттады. АКШ долларынын курсу 85 сомдон 95ке жетти. Бишкекте шаар башчысы алмашты. Жаңы мэр болуп 63 жаштагы ишкер Эмилбек Абдыкадыров дайындалды.
Чыгарылыштар
-
Май 15, 2025
Зеленский Анкарада жүрөт, Путин Стамбулга барган жок
-
Май 14, 2025
Анжиян кыргынына 20 жыл: Чындык чыгабы?
-
Май 12, 2025
Стамбул: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?