Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

Бишкек милициясы Кадырбек Атамбаевдин өлкөдөн чыгарылбаган себебин түшүндүрдү


Кадырбек Атамбаев.
Кадырбек Атамбаев.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевдин өлкөдөн чыгышына киргизилген чектөө тууралуу түшүндүрмө берди.

Анда "добуш сатып алуу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Атамбаев баштаган "Социал-демократтар" партиясынын айрым өкүлдөрүнүн аракетине юридикалык баа берүү үчүн өзүнчө бөлүнүп алган иштин негизинде анын чек арадан өтүшүнө чектөө киргизилгенин ырастады.

"Бул чектөөлөр алынган эмес, ошондой эле К.А.нын жактоочусунун чектөөнү алып салуу тууралуу келтирилген өтүнүчү Тергөө кызматынын өндүрүшүнө түшкөн эмес",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Кадырбек Атамбаев аны "Манас" аба майданынан чек арачылар өткөрбөй койгонун айтып чыккан. Ал Фейсбуктагы баракчасына адвокаты буга чейин бул чектөөдөн чыгаруу тууралуу тергөөчүлөргө кайрылганын жазган.

"Мага ушуну менен бир суткада экинчи жолу өлкөдөн чыгууга тыюу салышты. Биздин адвокатыбыз мындан бир ай мурда тергөө аяктаганда эле мени өлкөдөн чыгарууга салган тыюу мыйзамга ылайык алынышы керектигин айтып кайрылган. Мурдагы күнү тергөөчү бир күндүн ичинде бул чектөө алынарын билдирген. Анан калса мен иште күбө катары өткөм. Бирок кечээ капысынан эле "жетекчилигине" шылтап, ошолор гана жокко чыгарат деп калышыптыр. Менин чек арадан өтүшүмдү мыйзамсыз чектешкенинин айынан Стамбулга кечээки жана бүгүнкү рейсим үзгүлтүккө учурады",-деп жазган Атамбаев.

ИИМ 2024-жылы ноябрда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксеверге Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Өткөн айда Свердлов райондук соту аларды күнөөлүү деп тап, үч жылдык пробация менен абактан бошоткон. Абактан чыккандардын жакындары ал күнкү соттук жараянда ишти караган судья күбөлөрдү сурабастан эле чечимди жарыялаган.

"Социал-демократтардын" өкүлдөрү кылмыш ишинин саясий өңүтү бар экенин билдирип, күнөөлөрүн мойнуна алган эмес.


Шерине

XS
SM
MD
LG