АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы кан төгүүнү токтотуу аракеттеринин алкагында украин лидери Владимир Зеленский жана орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен өз өзүнчө телефондон сүйлөштү.
Маалыматтарга караганда, америкалык лидер адегенде Зеленский, андан кийин Путин менен баарлашты.
Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт Трамп “бул жаңжалга чекит коюну көздөйт”, себеби “чарчап, эки тараптан тең көңүлү калды” деп билдирди.
Трамп бийликке кайтып келгенден бери ушуну менен үчүнчү жолу Путин менен телефондон сүйлөштү.
Ага чейин америкалык лидер согушту токтотуу кадамдарын Зеленский менен талкуулаган.
Маалыматтарга караганда, Путин менен сүйлөшкөндөн кийин Трамп кайрадан Киев менен байланышмакчы.
Өткөн аптанын этегинде Стамбул шаарында согуш башталган үч жылдан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган жок, Украина Орусияны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптады.
Трамп 17-майда президенттер менен сүйлөшөөрүн жарыялаганда алар жемиштүү болоруна, атышуу токтоп, "өтө ырайымсыз бул согуш токторуна" үмүттөнөрүн билдирген.
Буга чейин Трамп Путин менен жолукмайынча тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай натыйжа болбой турганын айткан.
Fox News телеканалына Трамп орус президенти менен мамилесине байланыштуу оптимисттик көз карашта экенин , бирок, зарыл болсо Орусияга басым жасоого туура келерин билдирип:
"Биз жолугушубуз керек. Путин менен мунасага келе алабыз деп ойлойм. Эгер зарыл болсо мен Путинге басым жасоо аракетин колдоном", - деп белгилеген.
Буга чейин АКШнын жетекчиси Орусия 30 күндүк жарашууга көнбөсө, «кыйратуучу санкция» саларын эскерткен.
Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери Украинадагы согушту токтотуу аракетин көрөрүн айтып келатат.
Шерине