Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

АКШнын мурдагы президенти Жо Байден рак оорусуна чалдыкканы белгилүү болду


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын мурдагы мамлекет башчысы Жо Байденге простата рагы деген диагноз коюлду. Бул тууралуу экс-президенттин басма сөз катчысы 18-майда тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка караганда, залалдуу дарт сөөгүнө жайылып кеткен. 82 жаштагы Байден жана үй-бүлөсү дарыгерлер менен кошо дарылануунун варианттарын караштырууда.

“Дарттын агрессивдүү түрү болгону менен гормондор жардам бергендей, муну менен натыйыжалуу дарыласа болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Президент Дональд Трамп бул кабарга капа болгонун айтып, Байденге тезирек сакайып кетүүнү каалады.

Мурдагы вице-президент Камала Харрис “Жо бул сыноого да өзүнө мүнөздүү оптимизм менен туруштук берерине ишенерин” жазды.

Бир жыл мурун Байден өйдөлөгөн жашына жана саламаттыгына байланышкан кооптонуулардан улам президенттик жарышка катышуудан баш тарткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG