Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Орусия Amnesty International эл аралык уюмун "жагымсыз" деп тааныды


Орусиянын Башкы прокуратурасы укук коргоочу Amnesty International эл аралык бейөкмөт уюмун “жагымсыз уюм” деп тааныды. Бул уюмга Орусияда иш жүзүндө тыюу салынды дегенди билдирет.

Прокуратура "укук коргоочулар экстремисттик уюмдарды колдойт жана “чет элдик агенттер” дегендердин ишмердигин каржылайт" деп эсептейт.

“Amnesty International уюмунун Лондондогу баш кеңсеси Киев режиминин шериктери каржылаган орустарды жек көрсөтүү боюнча глобалдык долбоорлорду даярдоонун борборуна айланган”, - деп Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылат.

Amnesty International дүйнөдөгү эң бараандуу жана эски укук коргоочу уюмдардын бири. 10 миллиондой киши анын тарапкери болуп катталганы уюмдун сайтында айтылган.

Уюм саясий туткундарды бошотуу, өлүм жазасын жоюу чөйрөсүндө аракет көрүп, дискриминацияга каршы күрөшүп, адамдардын бир топ укуктарын коргойт.


Шерине

XS
SM
MD
LG