Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:34

ЕБ элчилери Орусияга санкциялардын кезектеги топтомун жактырды


Шаршембиде Еврошаркеттин элчилери Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы санкциялардын 17-топтомун бекитти. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы Рикард Йозвяк билдирди.

Мындан тышкары "адам укуктарын бузган, гибриддик операцияларга аралашкан жана химиялык куралды жайылтпоо режимин бузган" деп айыпталган орусиялык расмийлерге каршы санкциялар жактырылды.

Акыркы чечимди 20-майда биримдиктин тышкы иштер министрлери кабыл алмакчы.

Азырынча санкцияга илингендердин тизмеси жарыялана элек. Жалпыга маалымдоо каражаттары жазганына караганда, ага ондогон компания жана адамдардан тышкары көмүскө флоттун 100 чакты танкери камтылган.

Буга чейин Еврошаркеттин Германия, Франция өңдүү алдынкы өлкөлөрүнүн лидерлери Украинадагы ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болбосо, Орусияга салынган санкциялар күчөтүлөрүн эскертишкен.

"Азаттыктын" кабарчысы "кеп ушул 17-топтом эмес, башка чаралар тууралуу жүрсө керек" деп болжолдойт. Анын айтымында, бул топтомдо катаал экономикалык чаралар каралган эмес.

Брюссель Орусия менен Украинанын 15-майга белгиленген Стамбул сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын күтөрүн билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG